Улуттук банк банктардын уставдык жана өздүк капиталынын минималдуу өлчөмүн жогорулатууну көздөөдө

Улуттук банк банктардын уставдык жана өздүк капиталынын минималдуу өлчөмүн жогорулатууну көздөөдө

Улуттук банк кайра түзүлгөн жана иштеп жаткан банктар үчүн чет өлкөлүк банктардын филиалдарынын капиталына талаптарды кошкондо, уставдык жана өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнө талаптарды баскыч-баскычы менен жогорулатуу жөнүндө маселени карайт. Бул тууралуу регулятордун маалымат кызматы билдирди.

Берилген маалыматка таянсак, бул өлкөдөгү валюталар курсунун жогорку өзгөрмөлүүлүгү менен коштолгон кырдаалды эске алуу менен, банк системасынын туруктуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн чыңдоо, ар кандай экономикалык кырдаалдарда ички таасирлерге каршы турууда банк системасынын ийкемдүүлүгүн жана жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында каралат.

«Кайра түзүлгөн жана иштеп жаткан банктар үчүн чет өлкөлүк банктардын филиалдарынын капиталына талаптарды кошкондо, уставдык жана өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнө талаптарды баскыч-баскычы менен жогорулатуу жөнүндө маселени карайт», –  деп айтылат билдирүүдө.  

Улуттук банктын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын минималдуу өлчөмү боюнча жаңы талаптарга болжолдуу сандык багыты 1 млрд сом болуп саналат, мында системалуу мааниге ээ банктар үчүн талаптардын өлчөмү көрсөтүлгөн суммадан жогору болот. 

Ушуга байланыштуу, Улуттук банк алардын ишмердүүлүгүнүн тобокелдикке, анын ичинде учурдагы кырдаалды эске алуу менен кредиттик тобокелдикке дуушарлануусун эске алып, банктардын келечектеги керектөөлөрүн өз убагында баалоонун маанилүүлүгү тууралуу белгилейт, анткени капитал, анын ичинде бөлүштүрүлбөгөн пайда Улуттук банк тарабынан белгиленген уставдык капиталга карата талаптарды аткаруу үчүн банкка келечекте талап кылынышы мүмкүн.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.7 млрд доллар которушкан — 8.8%га көп 27 января 2023 г.    15:19
Кыргызстанда немис заводдорун ачуу жана кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси Мюнхенде талкууланды 27 января 2023 г.    14:49
1.5 миң адам турак жай шылуундарынан жапа чекти — зыяндын суммасы 900 млн сомдон ашты 27 января 2023 г.    14:04
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери