Президенти Садыр Жапаров кечээ, 22-мартта, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Аксакалдар Кеңешинин төрагасы жана Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Биналы Йылдырымды кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуу башында Мамлекет башчысы Йылдырымды Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы ардактуу кызматына шайланышы менен куттуктады жана ага Кыргызстанга жеке көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
«Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун ишмердүүлүгүн оң баалап, уюмдун алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө кыргыз тараптын даярдыгын ырастады. Тактап айтканда, ал Бинали Йылдырымды Кыргызстандын Түрк Инвестициялык фондунун штаб-квартирасын Бишкекке жайгаштыруу демилгесин колдоого чакырды», – деп айтылат билдирүүдө.
Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты менен соода-экономикалык, транспорт-логистика, маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-түрк кызматташтыгын активдештирүү маселесин да талкуулады.
Өз кезегинде ТМУ Аксакалдар Кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым ТМУнун Аксакалдар Кеңеши Уюмга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын өткөн жылдагы Саммитинин чечимдерин ишке ашырууга көмөк көрсөтөөрүн, анын ичинде Түрк инвестициялык фондун эртерээк түзүү маселеси да бар экенин белгиледи.
Эскерте кетсек, 15-мартта Экономика жана соода министринин орун басары Канат Абдрахмановдун катышуусунда Түрк Мамлекеттери Уюмунун (ТМУ) жетекчилеринин ТМУнун инвестициялык фондун түзүү маселеси боюнча онлайн жолугушуусу болуп, анда да Фонддун башкы кеңсесин Бишкекте жайгаштыруу боюнча кыргыз тараптын так позициясы айтылган болчу.