Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №137 токтому менен импорттолчу 8 товар кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотулду.
Бул импорттолгон кумшекер, өсүмдүк майы, инкубациялоо үчүн тоок жумурткалары, арпа, сулу, форель балыгынын жеми жана тоют чөптөрүнө тиешелүү.