Кыргызстан Украинадагы жаңжалды токтотууга тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн аянтча берүүгө даяр – ТИМ

Кыргызстан Украинадагы жаңжалды токтотууга тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн аянтча берүүгө даяр – ТИМ

Кыргыз тарап Россия-Украинанын тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн аянтча берүүгө даяр. Мындай позицияны КРнын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 22-мартта Исламабад шаарында Ислам кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлер кеңешинин 48-жыйынынын алкагында АКШнын Мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары боюнча орун басары Узра Зея менен жолугушуу учурунда билдирди.

ТИМдин маалыматына ылайык, жолугушууда Украинадагы учурдагы кырдаал талкууланган. Казакбаев Кыргызстан орус эли менен да, украин эли менен да тыгыз достук байланышта экенин жана КР ар кандай чыр-чатакты саясий жана дипломатиялык жол менен сүйлөшүүлөр аркылуу гана, анын ичинде жаңы форматтарды жана механизмдерди түзүү жолу менен чечүү зарыл экенин белгилеген.

«Казакбаев Украинадагы куралдуу жаңжалды токтотуу үчүн эл аралык коомчулук мындан ары тынч жашаган калктын курмандыктарын болтурбоо үчүн бардык зарыл болгон күч-аракеттерди жумшоо керектигин белгилеп, кыргыз тарап тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн аянтча берүүгө даяр экенин дагы бир жолу белгиледи», –  деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле тараптар коопсуз гуманитардык коридорлорду камсыз кылуунун, ошондой эле тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантуунун маанилүүлүгүн белгилешкен. Казакбаев КР БУУнун Уставында каралган жалпыга таанылган эл аралык укук ченемдерин жана принциптерин, анын ичинде мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнү жактай тургандыгын белгиледи. Министр ошондой эле бул жаңжалды жөнгө салууда БУУнун Коопсуздук кеңешинин ролун күчөтүү зарылдыгына басым жасады.

Өз кезегинде АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Зея БУУнун Уставынын принциптерин жана ченемдерин сактоо жана Украинадагы кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү зарылдыгы тууралуу кыргыз тараптын пикирине макул экендигин билдирди.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
«Белес»: Биз Бишкек мэриясынын автобустарды алуу тендерин аткарууга даяр болчубуз 1 февраля 2023 г.    13:47
Нарындыктар лыжа туризмин өнүктүрүүгө кызыкдар — Швейцариялык туристтердин биринчи тобу келди (сүрөт, видео) 1 февраля 2023 г.    11:53
Кореялык Interact компаниясынын адистери ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрүнө тренингдерди өтөт 1 февраля 2023 г.    11:27
Эрбол Султанбаев мэрия эмнеге ата мекендик «Белести» эмес, кытай автобусун алганын айтты 1 февраля 2023 г.    11:02
Кыргызстандыктар көбүрөөк экзотикалык өлкөлөргө кетип, фрилансер болуп иштеп башташты — Head Hunter 1 февраля 2023 г.    10:04
Технология тармагындагы айымдардын башын бириктирген Techno Women Kyrgyzstan 2023 иш чарасы өттү 1 февраля 2023 г.    9:48
Комбанктардын депозиттик портфели өткөн жылы дээрлик 340 млрд сомго жетти 1 февраля 2023 г.    9:24
Кыргызстандын калкынын саны 7 миллионго жетти, ал эми MBANK тиркемеси 3 миллион жолу жүктөлдү! 31 января 2023 г.    19:44
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери