Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) 58 өрт өчүрүүчү унаа алынып келинди. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Бул Дүйнөлүк банктын «Табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу» ERIK долбоорунун алкагында ишке ашкан.
Эскерте кетсек, атайын техниканын биринчи партиясы Кыргызстанга 2021-жылдын декабрь айында келген.