«Бишкекжылуулуктармагы» ААК кайра түзүлүп, «Электр станциялары» ААКга кошулат. Бул боюнча чечим 26-мартта «Электр станциялары» акционердик коомунун акционерлеринин кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынаарын компаниядан билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, жыйында «Бишкекжылуулуктармагын» «Электр станцияларынын» филиалдарына кошуу келишими менен бекитилет.
Белгилей кетсек, учурда «Бишкекжылуулуктармагынын» негизги акционери «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК болуп саналат. Ишкана борбор калаанын 436 чакырым жылуулук тармактарын тейлеп, 112 миң абонентти жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылат.
«Электр станциялары» ААК – Кыргызстандагы негизги генерациялоочу энергетикалык компания болуп саналат. Ал өлкөдөгү бардык электр энергиясынын 98%ын өндүрөт. Компаниянын курамына 2 ТЭЦ (Бишкек жана Ош) жана 7 ГЭС (анын ичинде Токтогул ГЭС каскады, Ат-Башы ГЭС, Камбар-Ата ГЭС-2) кирет.