Улуттук банк теңгенин сомго карата курсуна убактылуу жөнгө салуу киргизди

Улуттук банк теңгенин сомго карата курсуна убактылуу жөнгө салуу киргизди

«КРда экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички валюта рыногундагы жагдайды турукташтыруу» максатында, КРнын Улуттук банкы теңгенин сомго карата курсуна убактылуу жөнгө салуу киргизди. Бул тууралуу регулятордун маалымат кызматы билдирди.

Кабыл алынган токтомго ылайык, КРнын коммерциялык банктары, алмашуу бюролору, микрофинансылык уюмдары, 2022-жылдын 19-мартынан тартып, кыргыз сомуна карата казак теңгесин сатып алуу курсун КРнын УБ тарабынан белгиленүүчү кыргыз сомуна карата казак теңгесинин расмий курсунан 70%дык ашпаган өлчөмдө салмактанып алынган тобокелдик коэффициентин эске алуу менен белгилеши керек.

«Ошондой эле, коммерциялык банктар жана микрофинансылык компаниялар ачык валюта позициясынын лимитинин мааниси казак теңгеси үчүн таза суммардык/ өздүк капиталынан 1% өлчөмүндө, Улуттук банк белгилеген тартипте аткарышы керек», – деп айтылат билдирүүдө.

Убактылуу тартипти киргизүү валюта рыногуна чет өлкөлүк валюталардын өзгөрмөлүүлүгүнүн терс таасирин минималдаштырууга, ошондой эле валюталык операцияларды жүргүзүүдө зарыл талаптарды жана милдеттенмелерди аткарууга багытталганын регулятор маалымдады.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Быйыл Улуу Британияга 2 миң кыргызстандык сезондук жумуштарга барышат 1 февраля 2023 г.    17:45
Бишкекте адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеокамералар орнотула баштады 1 февраля 2023 г.    16:47
«Газпром Кыргызстан»: ким кимге канча карыз? 1 февраля 2023 г.    16:02
ОКӨФ жалпы кубаттуулугу 12.5 мегаватт болгон 3 ЭКЖБ долбоорун каржылайт 1 февраля 2023 г.    15:01
«Белес»: Биз Бишкек мэриясынын автобустарды алуу тендерин аткарууга даяр болчубуз 1 февраля 2023 г.    13:47
Нарындыктар лыжа туризмин өнүктүрүүгө кызыкдар — Швейцариялык туристтердин биринчи тобу келди (сүрөт, видео) 1 февраля 2023 г.    11:53
Кореялык Interact компаниясынын адистери ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрүнө тренингдерди өтөт 1 февраля 2023 г.    11:27
Эрбол Султанбаев мэрия эмнеге ата мекендик «Белести» эмес, кытай автобусун алганын айтты 1 февраля 2023 г.    11:02
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери