Лифт жабдууларын чыгарган алгачкы ата мекендик ишкана ачылды. Аталган ишкананын ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышканын кабинеттин маалымат кызматы билдирди.
Компаниянын негиздөөчүсү Рахат Жунушбаева компаниянын алдыга койгон амбициялуу пландары, анын ичинде Борбор Азия жана Евразия экономикалык биримдигинин рынокторуна чыгуу пландары бар экенин белгилеп, ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу 500 даана техниканы түзөөрүн жана Бишкек шаарындагы лифттерди мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматында жогорку технологиялуу лифттерге алмаштырууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин белгиледи.
Ал эми Жапаров өлкөдө жаңы өнөр жай ишканалары, анын катарында лифт өндүрүүчү ишканалар пайда болуп жатканын угуп, кубангандыгын билдирди.
«Кечээ автобус өндүрүү боюнча «Белес» заводу ачылды, бүгүн биз республикадагы лифт өндүрүү боюнча ишкананын ачылышында турабыз. Бул жакшы жаңылык, анткени ар кандай өндүрүштүн ачылышы мультипликативдик натыйжа берет. Мунун өзү – жаңы жумуш орундары жана республикалык бюджетке чегерүүлөр, жалпы эле аймактын өнүгүүсү. Биз өнөр жай тармагын өнүктүрүшүбүз керек жана өндүрүлгөн продукция чет элдик аналогдордон дээрлик кем калбаган ата мекендик өндүрүштү колдошубуз керек», – деди Акылбек Жапаров.
Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, учурда жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо үчүн бардык шарттар түзүлдү.
«1 млрд сом уставдык капиталы менен «Кыргызиндустрия» ишканасы түзүлүп, мамлекеттик банктардын уставдык капиталы да жогорулатылды. Бул аракеттердин баары ишкерлерге мамлекет тарабынан каржылык колдоо көрсөтүүгө жардам берет. Эгерде даяр бизнес-план болсо, аны ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даярбыз», – деди Жапаров.