Кыргызстан ЕАЭБдин чегинен тышкары буудай, ун, май, кумшекерди, ал эми этти жана жемди бардык өлкөлөргө экспорттоого тыюу салды

Кыргызстан ЕАЭБдин чегинен тышкары буудай, ун, май, кумшекерди, ал эми этти жана жемди бардык өлкөлөргө экспорттоого тыюу салды

Кыргызстандын Министрлер кабинети өлкөдөн азык-түлүк жана айыл чарба өсүмдүктөрүн сыртка ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизди. Мындай чечим «өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана алардын базар баасын турукташтыруу максатында» кабыл алынганын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Төмөнкү азык-түлүктүн түрлөрүн экспорттоого алты айлык мөөнөткө тыюу салынат:

  • Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) башка бардык өлкөлөргө буудайды жана меслинди, буудай унун, өсүмдүк майын, күн караманын дандарын, кум шекерди, тоок жумурткаларын, инкубациялоо үчүн жумурткаларды республикадан экспорттоого тыюу салынды.
  • Бардык өлкөлөргө, анын ичинде ЕАЭБге да бодо малдын этин (жаңы же муздатылган, тоңдурулган), жемди (чөп, саман, аралаш тоют, кебек жана дан тоюту), арпа, сулу экспорттоого тыюу салынды.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
«Кыргыз-Швейцариялык Банкы» Караколдо филиалын ачты 26 января 2023 г.    18:05
Ысык-Көлдө таштанды ылгоочу цех ачылды — кубаттуулугу күнүнө 2 тонна 26 января 2023 г.    16:32
Кыргызстанда пахтаны кайра иштетүүчү ишкана ачылат — Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду каржылайт 26 января 2023 г.    16:22
СӨП Кыргыз-өзбек бизнес форумунда ишкерлерге жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктарды атады 26 января 2023 г.    15:37
«Манас» аэропорту туунду компаниялары «Эйр Кей Джи» менен «Манас Менеджменттин» директорлорун алмаштырды 26 января 2023 г.    15:21
Кыргыз-өзбек бизнес форумунда 168 млн долларлык келишимдерге кол коюлду — тизмеси 26 января 2023 г.    14:03
КР менен Өзбекстандын жылдык соода жүгүртүүсү 540 млн доллар — 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда 26 января 2023 г.    13:51
Учурда Кыргызстанда өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана иштеп жатат 26 января 2023 г.    13:33
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери