Тышкы башкаруу киргизилгенден кийин Кумтөрдөн түшкөн киреше төрт эсеге өскөн. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нооруз майрамын белгилөө иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө айтты.
Анын айтымында, өткөн жылдын эң маанилүү окуясы «Кумтөр» кенинин кыргыз элине кайтарылышы болгон жана тышкы жардамсыз эле мамлекет кендеги көптөгөн өндүрүштүк линияларды иштетип кете аларына көпчүлүгү күмөн санашкан.
«Бирок биз алдыга коюлган милдетти ийгиликтүү аткардык. Тышкы башкаруу киргизилгенде кенди иштетүүдөн түшкөн киреше болгону 48 млн доллар болсо, жылдын аягында 220 млн доллар таза киреше менен чыктык. Мындан ары карай Кумтөрдүн алтын запасы толугу менен Кыргызстанда сакталып, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн иштейт», – деди Жапаров.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 12 айында «Кумтөрдө» 14 561 кг алтын өндүрүлгөн. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин 2022-жылдагы алгачкы кеңешмесинде «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын ошондогу убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк компаниянын ишмердүүлүгү боюнча отчетунда билдирген болчу. Анда Бөлтүрүк былтыры жыл башынан бери компания 13.6 млрд сом суммасында салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгонун, ал эми пландаштырылган сумма 9 млрд сомду түзгөнүн, натыйжада, чегерүүлөрдүн планы 150%дан ашканын айткан.