Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева бүгүн, 18-мартта «Биринчи Радиого» доллардын курсунун төмөндөшү боюнча түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, рынок долларга канды. Буга чейин долларга болгон суроо-талап кандайдыр бир деңгээлде ажиотаж жана паникалык реакциядан улам болгон.
Ошондой эле Карабаева Улуттук банктын эсептик ченди жогорулатканы, долларды республиканын аймагынан тышкары чыгарып кетүүгө тыюу салганы, регулятор эми Bloomberg жана Reuters финансылык агенттиктеринин көрсөткүчтөрүнө карап багыт алуусу сыяктуу чаралар финансылык рынокто туруктуу жагдайга жетүүгө өбөлгө түзгөнүн айтты.
«Учурда накталай сом керек болуп жатканы мыйзам ченемдүү көрүнүш, эми кайра тескерисинче болуп жатат. Андыктан мындай кырдаалдарда шашылыш бүтүмдөрдү чыгаруудан этияттаныш керек», – деди Карабаева.
Улуттук банк күнүмдүк доллардын курсун автоматикалык соода системасындагы бүтүмдөрдүн негизиндеги курска карап аныктап турат жана бул регулятордун расмий сайтында күн сайын жаңыланат.