Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 80 тонналык өсүмдүк майын чыгаруучу завод ишке кирди. Бул тууралуу «Кабар» маалымат порталы жазды.
Сузак районунда бир нече жылдан бери токтоп турган май чыгаруучу завод жеке ишкер Султан Тойгонбаевдин долбоорунун аркасында кайрадан иштей баштаган. Берилген маалыматка ылайык, завод суткасына 30 тоннадан ашык май чыгарат.
Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров 72 жаңы жумуш орундарын түзгөн заводдун ишмердүүлүгү менен таанышып, жеке ишкер Тойгонбаев менен өндүрүштү кеңейтүү жана башка масштабдуу иш-чаралардын жүрүшүн талкуулады.