Москвада кыргыз тараптын төрагалыгы астында ЕЭКтин жыйыны өттү – кандай чечимдер болду?

Москвада кыргыз тараптын төрагалыгы астында ЕЭКтин жыйыны өттү – кандай чечимдер болду?

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы астында Москва шаарында (Россия Федерациясы) Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. 

Жыйында 30 жакын маселе каралды.

ЕЭК Евразиялык Экономикалык Биримдикке мүчө мамлекеттердин экономикасынын ички туруктуулугун жогорулатуу, анын ичинде макроэкономикалык туруктуулукту, ошондой эле тышкы чакырыктарга туруктуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун курамын бекитти.

Буга катар экономикалардын туруктуулугун жогорулатуу боюнча 4 багытка топтоштурулган чаралардын тизмеси макулдашылды.

Ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

  • ташуучу тарабынан ташылган, же почта аркылуу жөнөтүлгөн товарлар үчүн 1000 еврого чейин жеке жактар үчүн товарларды алымсыз ташып келүү лимитин жогорулатуу жөнүндө. Лимит 2022-жылдын 1-октябрына чейин убактылуу негизде жогорулатылды;
  • ЕАЭБ бажы аймагына ташылып келинген товарлардын келип чыгышын документалдык тастыктоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү жөнүндө
  • «Евразиялык маалыматтык-эсептөө инфраструктурасы» мамлекеттер аралык программасынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө
  • мамлекеттик сатып алуулар үчүн товарлардын тизмесине дагы 52 позицияны киргизүү жөнүндө. Бул чара бул товарларды жеткирүүчүлөргө мамлекеттик сатып алууларга катышууга мүмкүнчүлүк берет жана олуттуу административдик тоскоолдуктарды жоет 

Мындан тышкары, ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү дары-дармек каражаттарын жөнөкөйлөштүрүлгөн жана тездетилген каттоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү чечимин кабыл алышты.

Негизги инновациялар электрондук документ жүгүртүүгө жана дары-дармек каражаттарынын сапатын баалоодо аралыктан процедура жүргүзүүгө тиешелүү. Биримдиктин рыногуна дары-дармек каражаттарынын жөнөкөйлөштүрүлгөн жана тездетилген жеткиликтүүлүгү боюнча жол-жоболордун үч түрү киргизилди.

Бул фармацевтикалык компанияларга жеткирүү логистикасынын үзгүлтүккө учурашына байланышкан жоготууларды минималдаштырууга жана чыгымдарды каттоодон кийинки баскычка кайра бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет.

ЕЭК Кеңешинин кезектеги жыйыны үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде Москва шаарында өтөт.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
«Кыргыз-Швейцариялык Банкы» Караколдо филиалын ачты 26 января 2023 г.    18:05
Ысык-Көлдө таштанды ылгоочу цех ачылды — кубаттуулугу күнүнө 2 тонна 26 января 2023 г.    16:32
Кыргызстанда пахтаны кайра иштетүүчү ишкана ачылат — Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду каржылайт 26 января 2023 г.    16:22
СӨП Кыргыз-өзбек бизнес форумунда ишкерлерге жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктарды атады 26 января 2023 г.    15:37
«Манас» аэропорту туунду компаниялары «Эйр Кей Джи» менен «Манас Менеджменттин» директорлорун алмаштырды 26 января 2023 г.    15:21
Кыргыз-өзбек бизнес форумунда 168 млн долларлык келишимдерге кол коюлду — тизмеси 26 января 2023 г.    14:03
КР менен Өзбекстандын жылдык соода жүгүртүүсү 540 млн доллар — 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда 26 января 2023 г.    13:51
Учурда Кыргызстанда өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана иштеп жатат 26 января 2023 г.    13:33
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери