Кыргызстандыктар быйыл Ноорузда эң көп кайсы шаарга учаары белгилүү болду – Aviasales.kg

Кыргызстандыктар быйыл Ноорузда эң көп кайсы шаарга учаары белгилүү болду – Aviasales.kg

Быйыл Нооруз майрамы дүйшөмбүгө туш келгендиктен, кыргызстандыктар 3 күн эс алышат. Aviasales.kg сайтынын талдоочулары бул күндөрү авиа билеттерге суроо-талап 28%га өскөнүн жана бул дем алыш күндөрү кыргызстандыктар кайда учарын аныкташты.

Кыргызстандыктардын эң биринчи эл аралык туристтик багыттары  –  Түркия, Грузия жана Бириккен Араб Эмираттары.

Стамбулга суроо-талап бул жазгы майрамда – үч эсеге өскөн, ал эми эконом-класстагы бир тарапка учуу каттамынын орточо баасы – 21 116 сомду түзгөн. Билет алгандар Стамбулда орточо 7 күн жүрүшөт.

Грузияга суроо-талап 17%га өстү, кыргызстандыктар ал жерде орточо 8 күн болушат. Тбилисиге билет баасы – 22 535 сом.

Дубайга билеттер 5% көбүрөөк брондолгон, билет алгандар ал жакта 9 күн болушат. Бул чөлкөмгө майрам күндөрү билет кымбат болот жана ал – 30 852 сомду түзөт.

Кыргызстандыктардын бир бөлүгү жаз майрамын өлкөнүн башка аймактарында тосуп алуу үчүн учуп кетишет. Бишкекке авиа билеттерге суроо-талап 17%га, Ошко 35%га өскөн. Ички авиакаттамга билеттин орточо баасы – 2343 сомду түзөт.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери