Кыргызстан IFC жардамы менен кубаттуулугу 100 МВт күн электр станциясын куруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууга кызыкдар. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Мунир Ферози жетектеген Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) делегациясы менен жолугушуу учурунда билдирди.
Мунир Ферози Жакынкы Чыгышта, Борбордук Азияда, Түркияда, Афганистанда жана Пакистанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча консультациялык кызматтар боюнча аймактык менеджер кызматында иш алпарат.
Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматында энергетика тармагындагы долбоорлорду иштеп чыгуу маселеси талкууланды.
Азиз Аалиев белгилегендей, КР энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүүгө умтулат жана IFC жардамы менен кубаттуулугу 100 МВт күн электр станциясын куруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин белгиледи. Анын айтымында, энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке киргизүүдөгү кошуна мамлекеттердеги ийгиликтүү долбоорлордун оңдуу тажрыйбасын колдонуу маанилүү.
IFC өкүлү Мунир Ферози энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда мындан ары карай кызматташууга даяр экенин билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы маселелерди иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүүнү макулдашты.