ККМди жеткирүүчү эки компанияга кылмыш иши козголду – Салык кызматы

ККМди жеткирүүчү эки компанияга кылмыш иши козголду – Салык кызматы

Кассалык машиналарды (ККМ) ташып келүүчү «Урматтуу» жана «Мастерид» компанияларына жең ичинен макулдашкан деген шек менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдувапов Жогорку Кеңештин «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында билдиргенин Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Министрлер кабинетинин «ККМ машиналарын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомунун долбоорун талкуулоодо депутат Жылдыз Садырбаева ЖМКлардагы маалыматтар боюнча жаңы техникалык шарттарга бир гана ишкана жооп берерин белгиледи.

«Ошондуктан, менде суроо туулууда – бул ККМ рыногун жана алардын кызматтарын монополизациялоого алып келбейби? Кыргызстандын 44 миң жаңы кассалык аппаратын орнотууга болгон муктаждыгын азыр кайсы ишканалар канааттандырууга даяр?» – деди депутат.

Салык кызматынын башчысы бул маалымат туура эмес экенин, анткени дал ушул компания бүгүнкү күнгө чейин жаңы техникалык талаптарды кабыл албоо үчүн басым жасап келгенин билдирди.

«Урматтуу» ишканасы россиялык «АТОЛ» заводунан аккредитация алган, бирок орус тарап менен сүйлөшкөнүбүздө алар «Урматтуу» бүгүнкү күнгө чейин эч кандай иш жүргүзбөгөнүн айтышты. Жалпысынан бүгүнкү күндө мындан тышкары, «Гуудуу сервис», «Мастерид», «ККМ онлайн» компаниялары аккредитациядан өткөн»,  –  деп түшүндүрдү Абдувапов.

Салык кызматынын жетекчиси ошондой эле «Урматтуу» жана «Мастерид» компанияларына жең ичинен макулдашкан деген шек менен кылмыш иши козголгонун кошумчалады.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
«Кумтөр» калдыктарды кайра иштетүүчү компанияны аныктады — андан дагы 112.6 тонна алтын алынат 27 января 2023 г.    12:28
1.7 млрд долларлык 84 документке кол коюлду — Экономика министрлиги Кыргыз-Өзбек бизнес форумун жыйынтыгын айтты 27 января 2023 г.    11:20
Ош аэропортунан «Достук» өткөрүү бекетине Go Bus каттамы ачылат – Туризмди өнүктүрүү фонду 27 января 2023 г.    10:29
Кыргызстанда Amazon сыяктуу аянтча пайда болот 27 января 2023 г.    9:49
Бизнес кылабыз деп 1 млн доллар алып, бербей койгон — ИИМ Жеңиш Разаковду камакка алды 27 января 2023 г.    9:32
КРда электромобилдер жана электр заряддоочу станцияларды изилдөөгө Кореядан эксперттер тобу келди 27 января 2023 г.    9:19
«Кыргыз-Швейцариялык Банкы» Караколдо филиалын ачты 26 января 2023 г.    18:05
Ысык-Көлдө таштанды ылгоочу цех ачылды — кубаттуулугу күнүнө 2 тонна 26 января 2023 г.    16:32
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери