Эдил Байсалов Дүйнөлүк банктын миссиясы менен саламаттык сактоо маселесин талкуулады

Эдил Байсалов Дүйнөлүк банктын миссиясы менен саламаттык сактоо маселесин талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов КРгы Дүйнөлүк банктын кеңсесинин башчысы Навид Накви менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттыкты сактоо тармагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулаганын кабинеттин маалымат кызматы билдирди.

Эдил Байсалов Дүйнөлүк банк менен натыйжалуу кызматташууну улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, COVID-19 пандемиясы учурунда республикага көрсөтүлгөн колдоосу үчүн ыразычылык билдирип, ал белгиленген программаларды жана долбоорлорду мындан ары карай ишке ашырууга даяр экендигин баса белгиледи.

Дүйнөлүк банктын кеңсесинин башчысы Навид Накви өз ара кызыкчылык туудурган жана өлкө үчүн артыкчылыктуу чөйрөлөрдө кызматташууну улантууну жактай тургандыгын белгиледи.

Тараптар милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумун чыңдоо, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, калкты медициналык тейлөө менен камтууну кеңейтүү, дары-дармектердин баасын, эмдөөлөрдүн темпин жөнгө салуу маселелерин талкуулашкан.

Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары КРнын делегациясынын Дүйнөлүк банктын жазгы кеңешмелерине катышуусуна даярдыктарын талкуулады.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Мамлекет өзүнө тиешелүү болгон «Каприз» пансионатындагы 28% акциясын сатат — 1 тыйын дивиденд алган эмес 2 февраля 2023 г.    16:49
ММБФ мамлекетке таандык «Керемет банктын» 7% акциясын Улуттук банкка сатууну пландап жатат 2 февраля 2023 г.    16:26
Соцфонд каражаттарын баалуу металлдарга, кагаздарга инвестициялоону көздөөдө 2 февраля 2023 г.    16:04
Ага Хан фонду KICB банкынын дагы 6% акциясына ээ болду 2 февраля 2023 г.    14:03
Тоскоолдуктарга карабастан быйыл республикалык бюджет 503 млрд сомго толот — минкаб 2 февраля 2023 г.    13:43
Баткенге ыктыярдуу чогулган акчадан 188 млн сом калды 2 февраля 2023 г.    12:02
Салык кызматы январь айында 17.8 млрд сом салык чогултту 2 февраля 2023 г.    11:45
«Кумтөр» жоюлуп кеткен «Улуу Көчмөндөр Мурасы» холдингин 1.9 млн долларга каржылаган — Эсеп палатасы 2 февраля 2023 г.    10:47
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери