Аксыдагы «Кербен» аэропорту быйыл пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков «Биринчи радиого» билдирди.
Аба майданды жандандыруу үчүн 30 млн сомдун тегерегиндеги каражат сарпталууда. Эске салсак, Кербен шаарындагы аэрпороттун иши 2007-жылы токтогон. Аны калыбына келтирүү маселеси 2015-жылдан бери көтөрүлүп келген болчу.
Белгилей кетсек,«МЭА» ААК 2022-жылы 4 аэропортту – «Каракол», «Баткен», «Ош», «Нарын» аэропортторун реконструкциялоону жана модернизациялоону пландаштырууда.
Азыркы тапта алардын долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгууга конкурс жарыяланган.
- «Каракол» аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин имаратын куруу жана жасалма учуу тилкесин 400 метрге узартуу менен аэродромдун элементтеринин жасалма үстүн реконструкциялоо
- «Баткен» аэропортунун аэродромунун элементтерин реконструкциялоо
- «Ош» эл аралык аэропортуна жүк терминалын куруу
- «Нарын» аэропортуна жалпы аянты 530 чарчы метр болгон жаңы аэробекет комплексинин имаратын куруу.