10 миң чет элдик студент экономикага 150 млн доллар алып келет – Абакиров

10 миң чет элдик студент экономикага 150 млн доллар алып келет – Абакиров

10 миң чет элдик студент экономикага 150 млн доллар алып келет. Бул тууралуу Бишкекте «Перезагрузка – 2022» деген аталыштагы Антикризистик форумда Экономика министринин мурдагы орун басары, ишкер Эльдар Абакиров айтты.

Анын айтымында, Баткен, Талас, Нарын, Кара-Колго медфакультеттерди ачып, ар бир шаарга 3 миңден пакистандык, индус студенттерди алып келиш керек.

«Анткени 10 миң студент 150 млн доллар алып келет экономикага. Бир студент окуусун төлөп, тамак-аш жеп, батирде туруп, жылына 15 миң доллар таштайт. Эгерде 10 миң айтишник чакыра алсак, алардын орточо айлыгы 1.5 миң доллар, бул 180 миң долларга жетет. Ушундай жолдор менен мигранттардан келе турган акчанын ордун жабышыбыз керек», – дейт ал.  

Форумда Абакиров бул жылдагы кризисте мигранттардан 1-1.5 млрд долларга азыраак акча келээрин, анын ордун жабуунун жолдорун издөө керектигин айтты.

«2008-жылдагы экономикалык кризисте мигранттардан келген акча 400 млн долларга азайган экен. 2014-жылдагы кризисте 500 млн доллардан азыраак, ковид кризисинде болсо, 600-700 млн доллардан төмөн көлөмдө келиптир, учурдагы кризисте болсо миллиарддан ашат деген ойдомун. Ал акчанын ордун кайдан табабыз, эмне менен алмаштырабыз, маселе ошондо», – деди ал.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
«Кумтөр» калдыктарды кайра иштетүүчү компанияны аныктады — андан дагы 112.6 тонна алтын алынат 27 января 2023 г.    12:28
1.7 млрд долларлык 84 документке кол коюлду — Экономика министрлиги Кыргыз-Өзбек бизнес форумун жыйынтыгын айтты 27 января 2023 г.    11:20
Ош аэропортунан «Достук» өткөрүү бекетине Go Bus каттамы ачылат – Туризмди өнүктүрүү фонду 27 января 2023 г.    10:29
Кыргызстанда Amazon сыяктуу аянтча пайда болот 27 января 2023 г.    9:49
Бизнес кылабыз деп 1 млн доллар алып, бербей койгон — ИИМ Жеңиш Разаковду камакка алды 27 января 2023 г.    9:32
КРда электромобилдер жана электр заряддоочу станцияларды изилдөөгө Кореядан эксперттер тобу келди 27 января 2023 г.    9:19
«Кыргыз-Швейцариялык Банкы» Караколдо филиалын ачты 26 января 2023 г.    18:05
Ысык-Көлдө таштанды ылгоочу цех ачылды — кубаттуулугу күнүнө 2 тонна 26 января 2023 г.    16:32
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери