Уставдык капиталы 1 млрд сомдук туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду түзүлдү

Уставдык капиталы 1 млрд сомдук туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду түзүлдү

«КРда туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААК түзүү жөнүндө чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун кабинеттин маалымат кызматы билдирди.

«Уставдык капиталы 1 млрд сомдук туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду ички туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу менен алектенет», – деп айтылат билдирүүдө.

Берилген маалыматка ылайык, фонддун иш-чаралары региондордо туристтерди кабыл алуу үчүн инфраструктуранын абалын жакшыртууга, өлкөнүн алыскы аймактарында кошумча жумуш орундарын түзүүгө, калктын социалдык жактан аялуу катмарын, тактап айтканда, аялдарды окутуу программаларын жана мастер-класстарды өткөрүү, ошондой эле туристтик жайлардын базасында иш менен камсыз кылууну жогорулатуу аркылуу колдоого, калктын билим деңгээлин жана туризм тармагында көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга, турлардын географиясын кеңейтүү жана алда канча жагымдуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү туристтик продукцияны түзүүгө, өлкөгө келген туристтердин санын сапаттык жактан көбөйтүүгө жана эл аралык аренада КРнын аброюн көтөрүүгө өбөлгө түзөт.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Марко Поло тоо аркарына, эликке, каманга жана уларга аңчылык кылууга тыюу салынды 26 января 2023 г.    11:34
Швейцария берген 9 млн доллар Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарына бөлүнөт 26 января 2023 г.    11:25
Алгачкы төлөмгө каражаты жок жарандар «Кепилдик фонддун» колдоосу менен үй алышса болот 26 января 2023 г.    11:05
Өткөн жылы мыйзамдуу эмгек миграциясына 12 миң жаран кеткен — үчтөн бири аялдар 26 января 2023 г.    10:47
Дүйнөлүк банк КР менен иштешүүгө даяр — жакынкы беш жылда 600 млн доллар берет 26 января 2023 г.    10:37
Азия өнүктүрүү банкы Бишкектеги жол кыймылынын пилоттук долбоорун сунушташты 26 января 2023 г.    10:14
Кыргызстанда эң коррупциялашкан деп Саламаттыкты сактоо министрлиги, ИИМ жана Мамкурулуш аталды — РЕЙТИНГ 26 января 2023 г.    9:27
Кыргызстан менен Өзбекстан өз ара соода көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүнү көздөшүүдө 26 января 2023 г.    9:10
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери