Кыргызстандыктар эми улуу Британияда сезондук айыл чарба тармагында легалдуу иштей алышат

Кыргызстандыктар эми улуу Британияда сезондук айыл чарба тармагында легалдуу иштей алышат

Кыргызстандыктар эми улуу Британияда сезондук айыл чарба тармагында легалдуу иштей алышат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Документке Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен AGRI HR компаниясы кол койду.

Эдил Байсалов белгилегендей, бул кызматташтык кыргыз-британ мамилелерин бекемдейт.

«Бүгүнкү күндө мекендештерди мыйзамдуу түрдө жумушка орноштуруу максатында дүйнөнүн алдыңкы экономикасына ээ болгон Улуу Британия мамлекети менен кызматташуу түзүлүүдө. Бул жалаң эле каражат табуу эмес, жергиликтүү маданият жана эмгек этикасы, алдыңкы технологиялар, эмгекти уюштуруу жана башка жаңычылдыктар менен таанышууга да шарт түзөт. Министрлер кабинети эмгек мигранттары үчүн жаңы багыттарды ачуу боюнча жигердүү иштерди улантат. Бул иш артыкчылыктуу саналат жана антикризистик чаралар жаатында маанилүү орунду ээлейт», – деди ал.

Белгиленгендей, программага ылайык, жарандар эмгек келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин республикага кайтып келүүгө милдеттүү.

2019-жылдан тартып Улуу Британияда өкмөттүк программа ишке кирген, анын алкагында Улуу Британиядагы айыл чарба иштерине чет элдик жарандарды тартуу үчүн квоталар бөлүнөт, ага ылайык, жыл сайын бир катар өлкөлөрдүн жарандары ишке тартылат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Марко Поло тоо аркарына, эликке, каманга жана уларга аңчылык кылууга тыюу салынды 26 января 2023 г.    11:34
Швейцария берген 9 млн доллар Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарына бөлүнөт 26 января 2023 г.    11:25
Алгачкы төлөмгө каражаты жок жарандар «Кепилдик фонддун» колдоосу менен үй алышса болот 26 января 2023 г.    11:05
Өткөн жылы мыйзамдуу эмгек миграциясына 12 миң жаран кеткен — үчтөн бири аялдар 26 января 2023 г.    10:47
Дүйнөлүк банк КР менен иштешүүгө даяр — жакынкы беш жылда 600 млн доллар берет 26 января 2023 г.    10:37
Азия өнүктүрүү банкы Бишкектеги жол кыймылынын пилоттук долбоорун сунушташты 26 января 2023 г.    10:14
Кыргызстанда эң коррупциялашкан деп Саламаттыкты сактоо министрлиги, ИИМ жана Мамкурулуш аталды — РЕЙТИНГ 26 января 2023 г.    9:27
Кыргызстан менен Өзбекстан өз ара соода көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүнү көздөшүүдө 26 января 2023 г.    9:10
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери