Кыргызстандагы эгиндин запасы 6 айга жетет, Россиядан дагы 300 миң тонна дан келет – министр

Кыргызстандагы эгиндин запасы 6 айга жетет, Россиядан дагы 300 миң тонна дан келет – министр

Кыргызстандагы дан запасы 6-7 айга жетет, мындан тышкары, Россия дагы 300 миң тонна буудай берет. Бул тууралуу кечээ, 16-мартта «Перезагрузка – 2022» деген аталыштагы Антикризистик форумда Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Министр айрым товарлардын жетишсиздигине байланыштуу дүрбөлөңгө түшүүгө эч кандай өбөлгө жок экенин баса белгиледи.

«Биз жеткирүүчүлөр Ассоциациясы менен социалдык маанидеги продукцияны, биринчи кезекте, данды жеткирүү боюнча иштеп жатабыз. Ун тегирменчилер Ассоциациясы менен бирге көрүлгөн чаралардын аркасында 6-7 айга чейинки запасты камсыздай алдык. Мындан тышкары, РФнын Айыл чарба министрлиги менен 300 миң тонна жетишпеген буудайды жеткирүү боюнча келишимибиз бар», – деди ал.

Ошондой эле Амангелдиев социалдык маанилүү товарлардын төрт тобун үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча эки тараптуу келишимдер бар экенин, өкмөттүн стратегиялык планы биринчи кезекте, ички рынокту камсыздоого, каржы системасын турукташтырууга, айыл чарбасын колдоого багытталганын кошумчалады.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Президенттик аппаратта кимдердин балдары иштейт? — Temirov Live 25 января 2023 г.    9:54
«Кыргызстан — Өзбекстан» бизнес форумунун алкагында 10 документке кол коюлат 25 января 2023 г.    9:29
Италиялык бренддер Кыргызстандын рыногуна чыгууну пландашууда 25 января 2023 г.    9:16
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери