Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан чыгарылган кум шекердин жана өсүмдүк майынын баалары белгиленди. Бул тууралуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, ички рынокту толтуруу максатында Министрлер кабинети рынокко товардык интервенция жүргүзүүгө буйрук берген.
«Калктын социалдык жактан аялуу катмарын коргоо максатында, кум шекер рыногундагы баанын учурдагы абалын, минималдуу дүң бааларды эске алуу менен, кум шекердин 1 кг 65 сомдон белгиленди», – деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми өсүмдүк майынын 1 литри 124.5 сомдон сатылмакчы.