«Жайыттар жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн мааниси – аны менчиктештирүү. Бул тууралуу бүгүн, 17-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Жер кодексине, «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоорун экинчи окууда карап жатканда депутат Султанбай Айжигитов билдирди.
Депутат Конституциянын 16-беренесине ылайык, жайыттар менен токойлор менчиктештирүүгө мүмкүн эмес жана ага тыюу салынганын баса белгиледи.
«КРнын жер кодексинин 1-беренесинде дагы, жайыттарга асылдуулугу төмөн жерлер деген терминдин тиешеси жок деп жазылган. Андан тышкары, ошол эле 4-беренеде дагы жайыттарды менчиктештирүүгө мүмкүн эмес деп турат. Бул мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн мааниси эмнеде? Биринчиден, асылдуулугу төмөн деген түшүнүктү мыйзамга киргизип, жайыттарды асылдуулугу төмөн жерлер деген түргө киргизип, андан соң, өздөштүрүүгө алса, андан ары менчиктештирүүгө жол ачылат. Максаты ушул эле негизинен – жайыттарды менчиктештирүүго жол ачуу жана аны сатууга даярдоо», – деди Айжигитов.
Депутат жайыттар ата-бабалардан калган байлык экенин айтып, «Сатылбаган ушул жайыттар эле калды эле, булар да колхоз-совхоздордой менчикке өтүп, андан ары жоголуп кетпесин десеңер, анда бул мыйзамды колдобогонго чакырам», – деди ал.
Ал эми Айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов бул мыйзамга өзгөртүү киргизүү айыл чарба өндүрүшүнүн субъектилерине, дыйкандарга бир топ шарттарды түзөт, миграцияны азайтат, жайыттардын эрозиясын токтотот деп түшүндүрдү.
«Так, кесе, жооп беребиз, жеке менчикке берилбейт. Бул мыйзам жумуш ордун түзүп, жайыттарды өздөштүрүп, айыл чарба продукциясын өндүрүү максатында иштелип чыгып жатат. 20 жылга өздөштүрүүгө сунушталып жатат, жаран өздөштүрүү боюнча өзүнүн арызы менен кайрылат, конкурстук чечимдин негизинде гана берилет», – деди Шерипов.
Министрликтин өкүлү мыйзам жалпы өлкө боюнча 4706 миң гектардай жерди камтый турганын белгиледи.