Дүйнөлүк экономиканын өсүүсү басаңдайт – Дүйнөлүк банктын божомолу

Дүйнөлүк экономиканын өсүүсү басаңдайт – Дүйнөлүк банктын божомолу

Дүйнөлүк экономиканын өсүү темпи былтыркы өсүштөн кийин (2021-жылы 5.5%), 2022-жылы 4.1%га жана 2023-жылы 3.2%га чейин басаңдайт. Мындай божомолдор Дүйнөлүк банктын январь айындагы отчетунда айтылды.

Аталган уюмдун аналитиги Айхан Косе COVID-19 экономикага дагы эле таасирин тийгизип жатканын, бирок климатка байланыштуу маселелер дагы бар экенин билдирди.

«Булардын бардыгы базары жаңы гана калыптанып жаткан, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өтө чектелген мүмкүнчүлүктөрү менен айкалышканда, бул тобокелдиктер экономикалык активдүүлүктүн басаңдоо ыктымалдыгын жогорулатат», – деди ал.

Эксперттердин пикири боюнча, көбүрөөк мамлекеттердин экономикалык өсүү жолуна түшүүсү үчүн бүткүл эл аралык коомчулуктун биргелешкен аракеттери жана ар бир өлкөнүн саясатында кеңири чаралар көрүлүшү зарыл.

Докладдын авторлору өзгөчө калкты эмдөө деңгээли төмөн өлкөлөрдө COVID-19 илдетинин жаңы очокторунун чыгышы мүмкүндүгүн да айтышты.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
2024-жылдан тартып маяна алган жарандардын баары салык декларациясын тапшырат 30 января 2023 г.    18:24
Паспорт, айдоочунун күбөлүгү сыяктуу документтерди «Түндүк» тиркемеси аркылуу санариптик форматта колдонсоңуз болот 30 января 2023 г.    17:44
Суу — бул маанилүү ресурс, аны экспорттоо иштерин күчөтүү зарыл — Акылбек Жапаров 30 января 2023 г.    16:46
Кыргызстандын дыйкандарын Global G.A.P сертификатын кантип алууну үйрөтүшөт 30 января 2023 г.    16:11
Ысык-Көлдө Тянь-Шань карагайларын массалык түрдө кыйып жатышат 30 января 2023 г.    15:28
Бензин кымбаттайт, Россия бажы алымысыз берчү көлөмдү азайтты — Нетфтетрейдерлер 30 января 2023 г.    14:57
Кыргызстандыктардын көбү «Синофарм» вакцинасын алышкан 30 января 2023 г.    13:30
1-апрелге чейин – юридикалык жактар, 1-майга чейин – жеке жактар Салык органдарына отчет бериши керек 30 января 2023 г.    12:07
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери