Бишкекте май айында кыргыз-герман бизнес форуму өтөт

Бишкекте май айында кыргыз-герман бизнес форуму өтөт

Май айында Бишкекте кыргыз-герман бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу КРнын Германиядагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын экономикасынын Чыгыш комитетинин Аткаруучу директору Михаэль Хармс менен жолугуу учурунда белгилүү болду.

Германиянын экономикасынын Чыгыш комитети Германиянын 350дөн ашык орто жана ири компанияларын камтыйт жана 29 мамлекетте, анын ичинде КМШ жана Борбор Азия мамлекеттери менен иш алып барат.

Жолугушуу учурунда кыргыз-герман кызматташтыгынын бүгүнкү абалы жана келечеги тууралуу сөз болду. Дүйнөдөгү саясий жана экономикалык абал жөнүндө, анын ичинде Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжалдын кесепеттери тууралуу ой-пикир алмашуу болгон.

Андан тышкары, Кыргызстан менен Германиянын ишкерлеринин түздөн-түз байланышын арттыруу максатында 2022-жылдын май айында Бишкекте өтө турган кыргыз-герман бизнес форумун өткөрүү тууралуу жана кыргыз-герман Ишкерлер Кеңешин түзүү маселеси талкууланды.

Элчи Текебаев азыркы тапта эки мамлекет ортосунда соода-экономикалык кызматташтык потенциалы толугу менен колдонулбай келерин жана дарамети чоң экенин баса белгиледи. Германия экономикасынын өкүлүнө Кыргызстанда өз ара пайдалуу проекттер тууралуу айтып, аларды чогуу ишке ашырууга чакырды.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
БУУ Япония менен бирге Баткенде 25 миң адамга азык-түлүк берди 31 января 2023 г.    16:48
Ошто коррупцияны жоюу үчүн Калкты тейлөө борборлоруна 108 байкоо камералары орнотулат 31 января 2023 г.    16:30
Министрлер кабинетинин «Кумтөрдөгү» алтынды биринчилерден болуп сатып алууга артыкчылыктуу укугу бар 31 января 2023 г.    16:00
Швейцария өкмөтү КРнын энергетика тармагына 8 млн доллар грант берет — кол коюлду 31 января 2023 г.    15:18
Улуттук банк накталай доллардын жетишсиздигинин себебин айтып, бирок азыр эч кандай көйгөй жоктугун билдирди 31 января 2023 г.    14:40
Минкаб энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча күбөлүк алган компанияларга «коңгуроо какты» 31 января 2023 г.    13:52
Ош — Баткен — Раззаков жолунунун реконструкциялоо иши жазында башталат 31 января 2023 г.    13:37
Эми патент электрондук түрүндө гана берилет 31 января 2023 г.    13:04
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери