1-сорттогу ундун дүң баасы 33 сом/кг чейинки деңгээлде болууда. Бул тууралуу Монополияга каршы мамлекеттик жөнгө салуу агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн, 17-мартта Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков ун рыногундагы абал менен таанышуу максатында республиканын ун комбинаттарына барды.
«Бишкек комбинаты» ААК (Акун) жана «РоЛА» ЖЧКсы жана башка ишканаларды кыдыруунун жүрүшүндө, учурда ун комбинаттары үзгүлтүксүз иштеп жаткандыгы, ун жана макарон азыктарынын запасы бар экендиги белгилүү болду.
«1-сорттогу ундун дүң баасы 33 сом/кг чейинки деңгээлде болууда», – деп айтылат билдирүүдө.
Ошол эле учурда «Бишкек тегирмен комбинаты» ААКсы капка салынган унду жеткирүү үзгүлтүккө учурап жатканын белгилеген. Буга ундарды кагаз баштыктарга таңуу линиясынын бузулушу себеп болгон. Бүгүнкү күндө бузулуу такталып, өндүрүш жолго коюлган.