КРнын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракетин токтотту.
I. 2022-жылдын 16-мартынан тартып 31-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
1. Бишкек шаары, Манас проспекти 59-үй, 2-кв. дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Ариет финанс» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 22-июлундагы № 5997 лицензиясы
2. Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 146, «С» дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Ордо Финанс Плюс» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 26-февралындагы № 6074 лицензиясы
3. Бишкек шаары, Киев көчөсү 49 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Нурислам Лтд» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 2-декабрындагы № 6034 лицензиясы
4. Бишкек шаары, Курманжан Датка көчөсү 278-үй, №1 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Азамат финанс» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 11-октябрындагы № 6206 лицензиясы
II. 2022-жылдын 16-мартынан тартып 25-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
1. Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 176А дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «АЯТ НУР» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 17-июлундагы № 5983 лицензиясы
2. Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспекти 166-үй, №35 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Рашидик» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 3-ноябрындагы № 6206 лицензиясы
3. Чүй областы, Аламүдүн айылы, Түндүк айланма жолу (н/ж) дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Исхак жана Исаак» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 30-ноябрындагы № 6033 лицензиясы
4. Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 144/1 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Интегро Ко» алмашуу бюросунун 2019-жылдын 23-октябрындагы № 5941 лицензиясы
5. Бишкек шаары, Курманжан Датка көчөсү 290 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Баймак Финанс» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 6104 лицензиясы.