Кыргызстан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан (ЕРӨБ) алган кредитке Кытайдан автобус алууну көздөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкектин вице-мэри Максат Сазыкулов билдирди.
Анын айтымында, ЕРӨБ тарабынан автобустарды сатып алуу боюнча жарыяланган тендерге ылайык, 6 мамлекетке тендердик документация жөнөтүлгөн.
«Европага, Россия, Белорусия, Корея, Кытайга жөнөтүлгөн. Бирок Кытайдын 2 чоң компаниясынан гана кайрылуу келди. Наркы буга чейин болжолдонгон эле баада болду. Кытайдан башка өлкөлөр баанын өскөндүгүнө байланыштуу мындай баага, мындай көлөмдө бере албайбыз деп коюшту», – деди вице-мэр.
Сазыкулов бул автобустар газ менен жүрөөрүн жана «Газпром» менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи. Депутат Дастан Бекешев газды алууда доллар менен эмес, сом менен келишим түзүүгө үндөдү.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган эки тараптуу документ боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) 25 млн еврону насыя түрүндө жана 8 млн еврону грант түрүндө берет. Бул каражатка борборго 250 автобус алуу каралууда.
Бул алына турган автобустарга Кыргызстан жыл сайын 2.8 млн евродон кредит төлөйт.