Кыргызстан Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕИК) отурумунда 450 миң тонна квота буудай сурап алууну пландоодо. Бул тууралуу бүгүн, 16-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров билдирди.
Анын айтымында, учурда базарда абал туруктуу. Бирок 17-18-марттагы өтө турган ЕЭКтин отурумунда Кыргызстан азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу боюнча бир канча өтүнүчтөр менен кайрылууну пландоодо.
«Отурумда биз 450 миң квота буудай сурайын деп турабыз. Ал эми кумшекер боюнча, аны өткөн жылы 70 миң тоннага чейин пошлинасыз алып келүүгө уруксат алганбыз», – деди Министрдин орун басары.
Депутат Дастан Жумабеков эгерде Россия азыктарды экспорттоого тыюу салса, анда эмнеге Бажы биримдигине кирдик деген суроолор калк арасында жаралып жатканын, бийлик тынчсызданууну жаратпоо үчүн маалымат берип туруусун суранды.