«Камбарата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү» долбоорун каржылоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Кечээ, 15-марттагы Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында депутаттар «2017-жылдын 28-февралындагы КР менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы долбоорду каржылоо боюнча макулдашуусун жактырышты.
Аталган маселе боюнча КР энергетика министринин орун басары Тилек Айталиевдин айтымында, кошумча келишим насыя боюнча төлөмдөрдү 2 жылга жылдырууга багытталган. Ошондой эле бул макулдашуунун шарттарына ылайык, негизги карызды алгачкы тындыруунун биринчи датасы деп 2021-жылдын 30-сентябры, ал эми экинчи датасы 2022-жылдын 30-марты белгиленген.
«Ушуну менен бирге, бардык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандан кийин макулдашуу 2019-жылдын 17-апрелинде гана күчүнө киргенин жана кредиттик каражаттарды иш жүзүндө өздөштүрүү макулдашууга кол койгон учурдагы жоюу графигинде болжолдонгон мөөнөттөрдөн кийин башталганын эске алып, негизги карызды жоюу графигин өзгөртүү жана негизги карызды жоюу датасын 2024-жылдан тартып 2039-жылга чейин ар бир жылдын 30-мартына жана 30-сентябрына белгилөө зарылчылыгы келип чыкты», – деди ал.
Депутаттар Камбар-Ата ГЭСтерин куруу долбоорлорун ишке ашыруу жана жалпысынан энергетика тармагын өнүктүрүү, генерациялоочу кубаттуулукту жогорулатуу жана өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын колдонуу боюнча бир катар чараларды сунушташты.