Ички иштер министрлиги (ИИМ) жарандарды финансылык пирамидалардан сак болууга чакырат.
2022-жылдын 2 айында эле ИИМ тарабынан каржылык пирамидаларды уюштуруу фактылары боюнча 111 сотко чейинки өндүрүш иши тергелген. Жогорудагы фактылардын басымдуу көпчүлүгү Бишкек шаарында, калгандары Ош жана Ысык-Көл облустарында катталган.
Жабыркагандардын жалпы саны – 133 адамды түзгөн. Алдын ала келтирилген чыгым 61 млн сомдон ашык болгон.
Андыктан ИИМ жеңил акчанын артынан түшкөн жарандардын аз убакыттын ичинде чоң дивиденттерди убада кылган шылуундарга алданып, карызга батып, акча берип келгенин эске алып, бир канча билдирүүлөрдү жасады.
- Каржы пирамида – финансылык алдамчылыктын эң кеңири таралган түрлөрүнүн бири. Мында тартылган каражаттар боюнча, киреше жаңы катышуучуларды тартуу жолу менен төлөнүүчү схема болуп саналат.
- Алдамчылар, адатта, жакшы манипуляторлор жана акча алуунун жаңы жолдорун ойлоп табуу менен адамга психологиялык жана эмоционалдык жактан таасир этүүнү билишет.
- Алар кыймылсыз мүлктү, облигацияларды жана акцияларды сатып алууну сунушташат, алар супер рентабелдүү делген интернет-долбоорлорго, курулушка жана айыл чарбага инвестициялоого убада беришет.
- Каржы пирамидалар өздөрүн уюмдардын дээрлик бардык формасы катары жашыра алышат.
- Ак эмгек менен тапкан акчаңызды мындай уюмдарга салаардан мурда, кырдаалды кылдаттык менен баалаңыз. Суроо берүүдөн жана документтерди талап кылуудан коркуунун же тартынуунун кереги жок.
- Бул сиздин акчаңызды коргоо максатында болуп жатат жана эскерте кетүүчу нерсе, чоң суммадагы кирешелер чоң тобокелчиликтерсиз болбойт.