«РСК Банк» жана «КЫРГЫЗСТАН Банкы» Visa жана Mastercard карталары кадимкидей иштеп жатканын маалымдады

«РСК Банк» жана «КЫРГЫЗСТАН Банкы» Visa жана Mastercard карталары кадимкидей иштеп жатканын маалымдады

Эл аралык Visa жана Mastercard төлөм компаниялары «РСК Банкына» карталар кадимкидей эле иштей берерин расмий тастыкташты. «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» да үзгүлтүксүз иштеп жатканын жарыялады. Бул тууралуу Банктар биримдигинин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагында чыгарылган карталар өчүрүлбөйт жана карта менен операциялар үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

«Белгилей кетүүчү нерсе, «РСК Банктын» Visa жана Mastercard карталары дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө тейленет. Бул карталар учурда Россияга карата санкциялардан улам РФнын аймагында гана иштебейт. Ошондой эле, орус сайттарында онлайн сатып алуу жеткиликтүү болбой жатат», – деп айтылат билдирүүдө.

«Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» да карта менен жасалчу накталай эмес төлөмдөр, акча каражаттарын алуу жана которуулар сыяктуу операциялар жеткиликтүү экенин, бирок россиялык сайттардан онлайт сатып алууда маселе бар экенин билдирди.

«Белгилей кетүүчү нерсе, РФнын процессингине карата VISA тарабынан чектөө киргизилсе, биздин банк тарабынан чыгарылган VISA карталары банктын инфраструктурасында кадимки режимде иштешин улантат жана тейлене берет», – деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда Visa жана Mastercard карталарынан тышкары, «РСК Банк» «Элкарт» улуттук төлөм картасын даярдап чыгарып жана тейлей тургандыгын эске салат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.7 млрд доллар которушкан — 8.8%га көп 27 января 2023 г.    15:19
Кыргызстанда немис заводдорун ачуу жана кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси Мюнхенде талкууланды 27 января 2023 г.    14:49
1.5 миң адам турак жай шылуундарынан жапа чекти — зыяндын суммасы 900 млн сомдон ашты 27 января 2023 г.    14:04
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери