2022-жылдын январында кыргызстандыктардын орточо эмгек акысы 20 129 сомду түздү (чакан ишканаларды эсепке албаганда). Мындай маалыматты Улутстатком билдирди.
Өткөн айга салыштырмалуу орточо номиналдык айлык акы 120 сомго азайган – 2021-жылдын декабрь айында расмий түрдө иштеген кыргызстандыктар орточо эсеп менен 20 249 сом алышкан.
Ошону менен бирге үстүбүздөгү жылдын январь айында реалдуу эмгек акынын деңгээлинин (инфляцияга карата) 0.8%га өскөнү байкалган.
Белгилей кетсек, доллардын азыркы расмий курсу боюнча КРдагы орточо айлык маяна айына 192 долларды түзөт.