Өзгөчө кырдаалдар министри (ӨКМ) Бообек Ажикеев Кыргызстанда кумшекер менен өсүмдүк майынын баасы арзандай турганын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-марттагы басма сөз жыйынында айтты.
Анын берген маалыматына таянсак, учурда 1 млн кг кумшекер өлкөдөгү соода дүкөндөрүнө таратылып жатат жана анын 1 кг 70 сомдон болот. Ошондой эле 500 миң литр өсүмдүк майы да таратылып, 1 литри 130 сом деп белгиленген.
Министрдин айтымында, дүңүнөн соода кылгандарда кумшекердин запасы жетиштүү, болгону дүкөндөрдө гана калбай калган.
«Ушундан улам бир кг кумшекер 100 сомго, мүшөгү 5 миң сомго чейин чыгып кеткен», – деди Ажикеев.
Эскерте кетсек, Россия менен Украинадагы кырдаалдан улам акыркы жумада өлкөдө калк арасында азык-түлүк коопсуздугуна тынчсыздануулар жаралган. Анткени Россия Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өнөктөш өлкөлөрүнө дан эгиндерин (буудай, кара буудай, арпа жана жүгөрү) жана кантты экспорттоого сентябрга чейин убактылуу тыюу салган. Натыйжада, Бишкектин бир катар чоң соода түйүндөрү да кээ бир суроо-талап көп азыктарга чектөө киргизген.
Импортерлор болсо ассортименттин азайышы базардагы сатуучулардын аракетинен жана жасалма түрдө жасалган ажиотаждан улам келип чыгууда деп билдиришти.