Бүгүн, 15-мартта Экономика жана соода министринин орун басары Канат Абдрахмановдун катышуусунда Түрк Мамлекеттери Уюмунун (ТМУ) жетекчилеринин ТМУнун инвестициялык фондун түзүү маселеси боюнча онлайн жолугушуусу болуп өткөнүн министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Министрдин орун басары Фондду түзүү, анын ичинде башкаруу түзүмү, уставдык капиталы, ошондой эле ТМУнун Инвестициялык фондунун башкы кеңсесин жайгаштыруу жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча өз позициясын билдирди.
«Фонддун башкы кеңсесин Бишкекте жайгаштыруу боюнча кыргыз тараптын так позициясы айтылды», – деп айтылат билдирүүдө.
Маалымат катары
ТМУ азыркы түрк мамлекеттерин бириктирген эл аралык уюм, анын негизги максаты мүчө мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат. Ал 2009-жылдын 3-октябрында уюштурулган. Уюмга Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстан мүчө.