Финансы министрлиги иштеп чыккан мыйзамда ата мекендик өндүрүшкө берилген 20% жеңилдиктер алынып салынган

Финансы министрлиги иштеп чыккан мыйзамда ата мекендик өндүрүшкө берилген 20% жеңилдиктер  алынып салынган

Кечээ, 14-марттагы Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Финансы министрлиги «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзам долбоорунун жаңы редакциясын сунуштады.  

Аталган мыйзам долбоорунун жаңы редакциясына ылайык, мамлекеттик ишканалар/мекемелер түз сатып алууларды жүргүзүп жатканда кайсы товар арзан болсо, ошол жактын товарын алат.

Бул мыйзамда буга чейин болгон ата мекендик өндүрүшкө берилген 20%дык жеңилдиктер алынып салынган.

Мыйзам долбоорун иштеп чыккан адистердин бири Жылдыз Базакеева бул жеңилдиктердин алынып салынганынын себебин атаандаштыктын жоктугу жана каражаттын көп сарпталышы менен түшүндүрдү.

Ошол эле кезде Базакеева мамлекеттик сатып алууларга сунуштала турган электрондук каталогдун биринчи беттеринде ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн продукциясы коюлаары, бирок чет элдик ошол эле продукциясынын баасы арзан болсо, ал сатылып алынаарын четке каккан жок.

«Мисалы, өзбекстандык товар арзан турса, ооба, анда ата мекендик өндүрүш өтпөй калат. Бирок долбоордо кыргызстандык өндүрүшчүнүн тастыкталган сапаттуу товары болсо, анда тендери жок эле ошону ала берет», – деди мыйзам долбоорун иштеп чыгуучу.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоорунун жаңы редакциясына ылайык, тендерсиз түз сатып алуулардын босого суммасы 5 млн сомду түзөт. Ошондой эле мисалы, айыл өкмөтү цемент алыш керек болсо, документация, конкурстук комиссиясыз эле цемент завод менен түз келишим түзүп, анын жыйынтыгын гана илип коюуга укуктуу. Анткени бул долбоордун 17-беренесинде каралган.

Финансы министринин орун басары Улукбек Календеровдун айтымында, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин тапшырмасына ылайык, көз карандысыз эксперттер, ишкана өкүлдөрү менен талкууланган жана ал коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу, сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү максатында иштелип чыккан.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери