«Expo Eurasia – Kyrgyzstan 2022» иш-чарасынын алкагында Бизнес-акыйкатчы Институту жеке ишкерлер үчүн акысыз консультацияларды өткөрөт. Бул тууралуу КРнын Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекеттик органдар тараптан жеке ишкерлердин укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушу боюнча акысыз кеп-кеңешти бардык каалоочулар ала алат.
- Маалыматтык сессиянын темасы: «Бизнес-акыйкатчы: жеке ишкерлердин укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакчысы».
- Өтө турган күнү – 24-март (Эл аралык көргөзмө-жарманкенин экинчи күнүндө).
Сессия «Expo Eurasia – Kyrgyzstan 2022» көргөзмө-жарманке өтө турган дарек боюнча уюштурулат: Бишкек ш., Чолпон-Ата көч.2, «Аю Гранд» СБ (Горький көч., менен кесилиште).
Эске салсак, ири эл аралык «EXPO EURASIA – KYRGYZSTAN 2022» көргөзмө-жарманке КРнын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан КРнын Өкмөтүнүн колдоосу менен 2022-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин уюштурулат. Ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттери катышат.