Улуттук банктын эл аралык резервдеринин көлөмү жетиштүү. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта брифингде Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.
Карабаева бул эл аралык резервдеринин көлөмү өлкөнүн товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногунун келечектеги 6 айын камсыздай ала тургандыгын билдирди.
«11-мартка карата Улуттук банктын эл аралык резервдеринин көлөмү 2 млрд 653 млн долларды түздү», – деди ал.
Белгилей кетсек, УБ жыл башынан бери 5 валюта интервенциясын өткөрүп, 284 млн доллар саткан.