Садыр Жапаров бизнес өкүлдөрү менен жеке жактардын активдерин легалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун талкуулады

Садыр Жапаров бизнес өкүлдөрү менен жеке жактардын активдерин легалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун талкуулады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14- мартта, ата мекендик бизнестин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жыйында мамлекет башчысы бул мыйзам долбоору биринчи кезекте «көмүскө» экономиканын үлүшүн кыскартууга, активдердин сакталышын камсыздоого жана алардын ээлерин мамлекеттик органдардын куугунтугунан коргоого багытталганын белгиледи.

Садыр Жапаров бүгүнкү күндө өлкө өзүнүн тарыхынын жаңы барагын ачып жатканын, бул мыйзам долбоорунун максаттарын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн мамлекет тарабынан саясий эрк жана кепилдиктер жетиштүү экенин баса белгиледи.

«Жеке адамдардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам өлкө тарыхында 5 жолу кабыл алынган. Бирок ошол беш жолу кабыл алынган мыйзамдын бири да ар кандай жагдайлардан улам тийиштүү натыйжасын берген эмес. Ал эми бүгүн сиздер менен талкуулап жаткан мыйзам долбоору мамлекет тарабынан кол тийбестиктин бардык кепилдиктерин камсыздай т ургандыгын баса белгилей кетүү керек», — деди Жапаров.

Жолугушуунун жыйынтыгында президент башында турган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана ата мекендик ишкерлер тиешелүү ниет протоколуна («мырзалар келишими») кол коюшту.

Жолугушууга бизнес чөйрөсү тарабынан айыл чарба, курулуш, туризм жана башка көптөгөн экономикалык ишмердүүлүк тармактарынын өкүлдөрү катышты.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери