Улуттук банк 14-марттагы чет элдик валюталардын сомго карата расмий курстарын аныктады. Берилген маалыматтарга таянсак, сом бардык негизги чет элдик валюталарга карата бекемделди.
Доллардын курсу бир аз төмөндөдү (-0.01%) – 104.96 сомду түздү
Евронун сомго карата курсу 0.2%га төмөндөп, 114.99 сомду түздү
Орус рублинин расмий курсу дароо 6.4%га – 0.8721 сомдон 0.8159 сомго чейин төмөндөдү
Казакстандык теңге 0.15%га төмөндөп, 0.2054 сомду түздү.