Россиядан КРга кантип акча которсо болот? – Улуттук банк жооп берет

Россиядан КРга кантип акча которсо болот? – Улуттук банк жооп берет

Улуттук банк Россиядан КРга кандай жолдор менен акча которууга боло тургандыгы тууралуу маалымат берди.

Берилген маалыматка ылайык, акчаларды эсеп ачып дагы, банк эсебин ачпастан дагы которууга болот. 

Бүгүнкү күндө банк эсебин ачпастан эл аралык акча которуу системаларынын 12 оператору КРнын Улуттук банкында каттоодон өткөн, алардын ичинен акча которуу системасынын 6 оператору Россиянын аймагында жайгашкан.

Акча которуу үчүн Россиянын төмөнкү акча которуу системаларын колдонууга болот: 

  • Юнистрим
  • Вестерн Юнион 
  • Золотая Корона 
  • CONTACT. 

УБ акча которуу системасынын операторлоруна акча которуулардын максималдуу суммасы боюнча коюлган учурдагы чектөөлөрдөн тышкары, РФнын Борбордук банкы тарабынан коюлган чектөөлөр бар экендигин эске салат.  

Ошондой эле коммерциялык банктар Россиядагы окуяларга байланыштуу көрүлгөн чараларга байланыштуу акча которуу системасы аркылуу АКШ долларында акча каражаттарын которуу көлөмүнө убактылуу чектөөлөрдү киргизиши мүмкүн. 

«Ушуга байланыштуу акча которуу системасы аркылуу акча каражатын жөнөтүүдө коммерциялык банктардын кызматкерлеринен бардык маанилүү шарттарды тактап алуу зарыл», – деп билдирет УБ .  

Мындан тышкары, банктык төлөм карталары бар коммерциялык банктардын кардарлары P2P аркылуу ички жана/же башка төлөм системаларына которууларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Алсак, Кыргызстанда «Элкарт» улуттук төлөм системасы Россиянын «Мир» улуттук төлөм системасы менен зарыл интеграциялык иш-чараларды жүргүзгөн.

УБ берген маалыматка ылайык, азыркы учурда КРнын коммерциялык банктары байланышсыз төлөм технологиясы менен «Элкарт» системасынын карталарын чыгарып жатышат (Элкарт NFC/Элкарт Байланышсыз), алар бүгүнкү күндө КРнын чегинен сырткары «Мир» төлөм системасынын тармагында жана «Мир» системасынын өнөктөштөрүнүн төлөм системаларында тейленүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.  

Аны менен катар, КРнын коммерциялык банктары өздөрүнүн аралыктан орнотулган түзүлүштөрүндө «Мир» төлөм системасынын карталарын тейлей алышат.  

Мындан тышкары, 2020-жылдан тартып «Мир» системасынын карталарынан «Элкарт» системасынын карталарына акчаларды P2P-которуу долбоору ишке киргизилген. 

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
КРда электромобилдер жана электр заряддоочу станцияларды изилдөөгө Кореядан эксперттер тобу келди 27 января 2023 г.    9:19
«Кыргыз-Швейцариялык Банкы» Караколдо филиалын ачты 26 января 2023 г.    18:05
Ысык-Көлдө таштанды ылгоочу цех ачылды — кубаттуулугу күнүнө 2 тонна 26 января 2023 г.    16:32
Кыргызстанда пахтаны кайра иштетүүчү ишкана ачылат — Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду каржылайт 26 января 2023 г.    16:22
СӨП Кыргыз-өзбек бизнес форумунда ишкерлерге жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктарды атады 26 января 2023 г.    15:37
«Манас» аэропорту туунду компаниялары «Эйр Кей Джи» менен «Манас Менеджменттин» директорлорун алмаштырды 26 января 2023 г.    15:21
Кыргыз-өзбек бизнес форумунда 168 млн долларлык келишимдерге кол коюлду — тизмеси 26 января 2023 г.    14:03
КР менен Өзбекстандын жылдык соода жүгүртүүсү 540 млн доллар — 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда 26 января 2023 г.    13:51
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери