Кыргызстанда жыл башынан бери (январь-февраль) инфляция 1.7%ды түзгөнүн Улутстатком билдирди.
Эки айда азык-түлүккө жана алкоголсуз суусундуктарга баа 1.8%га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекилерге 4.4%га, азык-түлүк эмес товарларга 1.1%га, кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 1.1%га кымбаттаган.
Эң көп сүттүн (+11%), жашылчалардын (+8.6%), балык (+6.5%), макарон жана башка дан азыктарынын (+4.3%) баалары көтөрүлгөн.
Жылдык инфляция 10.8%ды түздү (2022-жылдын февралынан 2021-жылдын февралына чейин). Бул абдан чоң көрсөткүч жана бир жыл мурда 100 сом турган товарлар 10.8 сомго кымбаттап, азыр 110.8 сомго чыкты дегенди билдирет.