Кыргызстанда бензиндин запасы 2 жумага жетет – Нефтетрейдерлер ассоциациясы

Кыргызстанда бензиндин запасы 2 жумага жетет – Нефтетрейдерлер ассоциациясы

Кыргызстанда орто эсеп менен 2 жумага жеткидей бензиндин запасы бар. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына КРнын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди.

«Бирок бул өлкөдө күйүүчү май жок болот дегенди билдирбейт», – дейт Эшатов.

Анын айтымында, ар бир ишкананын резервдери ар кандай – кээ бир ишкананыкы эки жумага, башкасыныкы 20 күнгө жетиши мүмкүн. Вагон-цистерналардын жетишсиздигинен улам, республикага күйүүчү-майлоочу майлар (КММ) чакан партиялар менен келет.

«Запастар толукталып жатат. Күйүүчү майлардын дизель тобуна келсек, анын запасы жетиштүү, жазгы талаа иштерине да жетет. Аны январь айында эле сатып алганбыз», – деди ал.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси ички рынокто баалар түшүп жаткандыгына карабастан, майда партия менен келген бензиндин баасы жогору болуп жатканын, экспортто баасы төмөндөбөй жатканын айтат.

«Баалар төмөндөйбү же кандай болот, аны фактыга жараша гана айтууга болот», – дейт ал.

Канат Эшатов  буга чейин Economist.kg басылмасына маалымдагандай, санкциялар азырынча Кыргызстандагы күйүүчү майдын баасына таасир эте элек.

«Бизде азыр баага эки негизги фактор таасир этүүдө: биринчиден, бул доллардын курсунун өсүшү, экинчиден, россиялык мунай иштетүүчү заводдордун сатуу баасы. Бүгүнкү күндө доллар 20 сомго өстү, мындан улам кымбатташы мүмкүн. Ошондой эле сатуу баасынын бир аз жогорулашы байкалууда – тенденция уланууда», – деди Эшатов.

Белгилей кетсек, Россиянын Ураинага болгон баскынынан улам, Shell жана British Petroleum, ошондой эле АКШ Россиядан мунай импорттоодон баш тарткан.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.7 млрд доллар которушкан — 8.8%га көп 27 января 2023 г.    15:19
Кыргызстанда немис заводдорун ачуу жана кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси Мюнхенде талкууланды 27 января 2023 г.    14:49
1.5 миң адам турак жай шылуундарынан жапа чекти — зыяндын суммасы 900 млн сомдон ашты 27 января 2023 г.    14:04
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери