Кризис маалында ишкердик активдүүлүктү жана жумуш орундарын сактап калуу зарыл – ЭИК

Кризис маалында  ишкердик активдүүлүктү жана жумуш орундарын сактап калуу зарыл – ЭИК

Кризис маалында, биринчи кезекте, көптөгөн башка өлкөлөрдөгүдөй, мүмкүн болушунча ишкердик активдүүлүктү жана жумуш орундарын сактап калуу зарыл. Бул үчүн бизнес жүргүзүүдөгү бардык тоскоолдуктарды алып салуу жана ага стимулдарды, балким, мурда болбогондой стимулдарды түзүү керек.

Бул тууралуу Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК) аткаруучу директору Аскар Сыдыков Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда билдирди.

«Тоскоолдуктарды жоюу биздин кырдаалда өзгөчө маанилүү болуп турган убагы, анткени мамлекет каржылык ресурстарынын чектелүүсүнөн улам бизнеске олуттуу жардам бере албайт. Бирок жок дегенде тоскоолдуктарды алып салса болот», – дейт Сыдыков.

Анын айтымында, Салык кодексиндеги негизги маселелерди карап, мисалы, туризм, коомдук тамактануу үчүн бирдиктүү салыктын ставкаларын төмөндөтүү зарыл.

«Мен жөнөкөй мисал келтирейин. Бизге көптөгөн өндүрүүчүлөр бөтөлкөдөгү сууга маркировкалоону киргизүү боюнча кайрылышат. Аны белгисиз мөөнөткө жылдырып, азырынча пилоттук негизде да киргизбей койгон оң», – дейт ЭИКтин жетекчиси.

ЭИК кризис учурунда көптөгөн өлкөлөрдө жасалгандай, ишкердик укук бузуулар боюнча кылмыш иштерин козгоого чектөө киргизүүнү сунуштайт.

Бизнес коомчулугу нефтетрейдерлер үчүн жеңилдиктер маанилүү маселе экенин, күйүүчү-майлоочу майдын (КММ) баасынын олуттуу көтөрүлүп кетүү коркунучу бар экенин, өзгөчө жазгы талаа иштерине байланыштуу дээрлик бардык товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баа түзүүдө КММнын баасы маанилүү роль ойноорун жана тамак-аш, дары-дармектер сыяктуу маанилүү азыктарга да жеңилдиктерди киргизүү керектигин айтат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Марко Поло тоо аркарына, эликке, каманга жана уларга аңчылык кылууга тыюу салынды 26 января 2023 г.    11:34
Швейцария берген 9 млн доллар Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарына бөлүнөт 26 января 2023 г.    11:25
Алгачкы төлөмгө каражаты жок жарандар «Кепилдик фонддун» колдоосу менен үй алышса болот 26 января 2023 г.    11:05
Өткөн жылы мыйзамдуу эмгек миграциясына 12 миң жаран кеткен — үчтөн бири аялдар 26 января 2023 г.    10:47
Дүйнөлүк банк КР менен иштешүүгө даяр — жакынкы беш жылда 600 млн доллар берет 26 января 2023 г.    10:37
Азия өнүктүрүү банкы Бишкектеги жол кыймылынын пилоттук долбоорун сунушташты 26 января 2023 г.    10:14
Кыргызстанда эң коррупциялашкан деп Саламаттыкты сактоо министрлиги, ИИМ жана Мамкурулуш аталды — РЕЙТИНГ 26 января 2023 г.    9:27
Кыргызстан менен Өзбекстан өз ара соода көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүнү көздөшүүдө 26 января 2023 г.    9:10
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери