Валюталардын курсунун кескин көтөрүлгөндүгүнө жана Кыргызстандын импортко көз карандылыгына байланыштуу өсүмдүк майынын, макарон азыктарынын, ундун баасынын жогорулаганы байкалды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси билдирди.
Кеңешбай Тайлаков Бишкектеги соода түйүндөрүнө («Глобус», «Фрунзе», «Народный», «Ярмарка», «Шекер») бааларды көзөмөлдөө үчүн барган.
Мониторингдин жүрүшүндө, сезондук мүнөзгө ээ болгон кээ бир азык-түлүк товарларына, негизинен жашылчаларга (картошка, сабиз) 2-3%дан ашпаган баалардын бир аз жогорулашы байкалган.
«Валюта курсунун кескин жогорулашынан жана республиканын импортко көз карандылыгынан улам өсүмдүк майынын, макарон азыктарынын, ундун баасынын өсүшү байкалууда.
Мындан тышкары, өндүрүүчүлөрдүн дүң сатуу баасынын жогорулашынан улам, экинчилик рынокто кумшекердин чекене баасы жогорулады», – деп мойнуна алды Монополияга каршы департамент.
Шекердин кымбатташына байланыштуу Монополияга каршы департамент, кантты өндүрүүчүлөр, импорттоочулар жана сатуучулар, «Кайыңды Кант» ААКсы, «Кошой» ААК жана чекене соода түйүндөрүнүн ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган.
Келишимдин шарттарына ылайык, чекене соода түйүндөрү арзандатуу/лоялдуулук карталарын колдонуу менен суткасына бир адамга 1 кг чектөө менен кумшекерди килограммын 67 сомдон сатып, калкты жеткиликтүү баада кант менен камсыздайт. Муну менен катар 1 кг жогору кумшекерди сатуу соода түйүндөрүндө коммерциялык баада ишке ашырылаарын мекемеден кошумчалашты.
Монополияга каршы мамлекеттик кызматтан билдиришкендей, ундун баасы Экономика министрлиги, Айыл чарба министрлиги жана ун комбинаттарынын ортосунда мурда кол коюлган кызматташуу келишим болгондугу үчүн туруктуу болууда. «Ун комбинаттары республиканы ун менен камсыз кылуу боюнча бир катар милдеттенмелерди алышты», – деп билдиришти ведомстводон.