Кечээ, 10-мартта Улуттук банк 59.3 млн доллар өлчөмүндө интервенция жүргүздү, анын 39.85 млн доллары накталай түрдө сатылды.
Улуттук банк интервенция алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында жүргүзгөнүн кабарлады.
Регулятор ошондой эле 2022-жылдын башынан 11-мартка чейин доллардын сомго карата расмий курсу 21.6%га, тагыраак айтканда, 84.8 сомдон 103.1 сомго чейин жогорулаганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын башынан 10-мартка чейин жөнгө салуучу 284.3 млн доллар өлчөмүндө чет элдик валютаны сатуу боюнча беш интервенция жүргүзүп, анын 66.65 млн доллары накталай түрдө сатылган.
Ошондой эле Улуттук банк доллардын сомго карата расмий курсун 103.12 сом/1 доллар өлчөмүндө аныктады. Бир сутка ичинде АКШ валютасы дароо 5.55% кымбаттады.
Башка негизги чет элдик валюталардын наркы да көтөрүлгөнү байкалды.
- Евронун сомго карата курсу 6.4%га — 113.77 сомго чейин жогорулады
- Орус рублинин расмий курсу 1.8%га жогорулап, 0.8566 сомду түздү
- Казакстандык теңге 4.5%га өсүп, 0.2027 сомду түздү.