Санкция Россиянын процессинг борборлоруна жайылган учурда, бир нече банктардын (ал жакта тейленген) Visa жана Mastercard карта ээлери-кардарлар башка банктардын инфраструктурасында (банкоматтар, POS-терминалдар) тейлене албай калышы мүмкүн. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы кабарлады.
Бирок алар ошол банктардын өздөрүнүн филиалдарында/сактык кассаларында эсептешүү-кассалык тейлөөгө гана алынышы мүмкүн экенин регулятор кошумчалады.
Ушуга байланыштуу, мүмкүн болгон тобокелдиктерди алдын алуу максатында, Улуттук банк Visa жана Mastercard карта ээлерине «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарын кошумча ачууну жана алар боюнча өлкө ичинде операцияларды жүргүзүүнү сунуштайт.
«Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарын алуу үчүн кардарлар коммерциялык банктарга кайрылышы керек.
«Бүгүнкү күндө жалпысынан КРнын аймагындагы төлөм системалары накталай эмес төлөмдөрдүн үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылып жатат. Россия банктарына санкцияларды киргизүү (Visa жана Mastercard банктык төлөм карталарын эсептешүүлөрдүн эл аралык системаларынан өчүрүү) жалпысынан Кыргызстандын төлөм системасынын ишине түздөн-түз таасирин тийгизбейт, анткени КРда «Элкарт» төлөм карталары менен улуттук эсептешүү системасы иштейт», – деп айтылат Улуттук банктын билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, бул система өзүнүн форматтары, эрежелери, тарифтери боюнча иштейт. Ошол эле учурда катышуучулар менен байланыш каналы катары жергиликтүү коммуникациялык кызмат көрсөтүү провайдерлери пайдаланылат. «Элкарт» карталары менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтар КРнын аймагында иштелип чыгат жана сакталат.