Россия Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өнөктөш өлкөлөрүнө дан эгиндерин (буудай, кара буудай, арпа жана жүгөрү) жана кантты экспорттоого убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу россиялык маалымат агенттиктери РФнын Экономикалык өнүктүрүү министрлигине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
ЕАЭБге дан жана кантты экспорттоого тыюу салуу үстүбүздөгү жылдын 31-августуна чейин күчүндө болот.
«Чечимдер өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган жана азыркы шарттарда ички рынокту коргоого жардам берет», – деп түшүндүрөт Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү.
Ошол эле учурда, Россиянын Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, азыр Россияда дан менен камсыз кылуу 150%дан ашат.
Эскерте кетсек, ЕАЭБдин курамында Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия бар.