Мигранттар колдонгон Western Union акча которуу системасы Россияда ишин токтотот

Мигранттар колдонгон Western Union акча которуу системасы Россияда ишин токтотот

Кыргызстандык мигранттар активдүү колдонгон Western Union акча которуу системасы Украинадагы кырдаалга байланыштуу Россия менен Беларуста ишмердүүлүгүн токтотот. Компания Россия банкына төлөм системасынын реестринен чыгаруу өтүнүчү менен кайрылганын «Интерфакс» билдирди.

«Биз ички жана тышкы факторлорду карап чыгып, кесепеттери биздин урматтуу кесиптештерибизге, өнөктөштөрүбүзгө жана кардарларыбызга тийбесин дедик», – дешет Western Union өкүлдөрү. Натыйжада, алар Украинадагы кырдаалга байланыштуу компания Россия менен Беларустагы ишмердүүлүгүн токтотуу чечимин кабыл алганын айтышты.

Компания эл аралык коомчулукка кошулуп, кырдаалды дипломатиялык жана тынчтык жолу менен жөнгө салууга үмүттөнөрүн билдирди.

Февраль айынын аягында компания орус тилдүү веб-сайтта жана мобилдик тиркемеде акча которууларды жөнөтүүнү токтоткон, кызмат тейлөө пункттарында гана жеткиликтүү болуп жаткан.

«Россиядан башка өлкөлөргө которулган жана 2022-жылдын 24-мартына чейин алуучуларга төлөнбөгөн акчаларды башка өлкөлөрдө каалаган убакта алууга болот. Эгерде Россиядагы жөнөтүүчү которгон акчасын кайра кайтарып алууну чечсе, анда компаниянын өнөктөштөрүнүн биринин филиалында ишке ашырууга болот, алар азырынча такталып жатат», – дейт Western Union.

Россияга жөнөтүлгөн жана 24-мартка чейин алынбаган которулган акчалар жөнөтүүчүгө кайтарылып берилет.

Эскерте кетсек, өткөн жумада эл аралык Visa жана Mastercard, PayPal, American Express жана JCB төлөм компаниялары орус рыногунда ишин токтоткондугун жарыялашкан болчу.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери